"Эркин-Тоо"

Акылбек Жапаров «Дордойдун» ишкерлери менен жолугушту

Акылбек Жапаров «Дордой» соода-рынок комплексинин ишкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу  Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаровдун билдирүүсү боюнча Министрлер Кабинети тарабынан жаңы салыктар киргизилген эмес, буга катар, эгерде товар жүгүртүү 8 млн сомго жетпесе, ишкер салык төлөөдөн бошотулат.

«Биз өлкө ичинде жана анын аймагынан тышкаркы товарларды эсепке алуу жана анын кыймылы тутумуна ээ болуу үчүн фискалдаштырууну жана санариптештирүүнү киргизүүдөбүз. Бул биздин жеке каалообуз эмес, бул рыноктун жана замандын талабы. Биз диалогго даярбыз, сиздер үчүн да, биз үчүн да ыңгайлуу алгоритмге келели», — деди ал.

Жапаровдун айтымында, маалыматтык-түшүндүрүү иштери начар жүргүзүлгөндүктөн, контролдук-кассалык машиналарды киргизүүнүн максаты туура эмес чечмеленүүдө.

«Биз базардагы ар бир соодагер менен сүйлөшүүгө жана жөнөкөй мисалдардын негизинде түшүндүрүүгө даярбыз, эсеп бардык жерде болушу керек, бул контрабандадан жана эсепке алынбаган товарларды киргизүүдөн арылууга жардам берет», — деди ал.

Ишкерлер маалыматтык-түшүндүрүү иштери төмөнкү деңгээлде жүргүзүлгөндүгүнө макул болушту.

Ишкерлердин айтымында контролдук-кассалык машиналарды киргизүүдө чекене жана дүң соода сегментин, ошондой эле сатылуучу товардын өзгөчөлүгүнөн келип чыгып, алынуучу маржаны эске алуу зарыл.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн, ошондой эле «Дордой» соода-рынок комплексинин ишкерлеринен турган жумушчу топту түзүү зарылдыгы тууралуу пикирге келди, алар чакан бизнес үчүн контролдук-кассалык машиналарды киргизүүнүн жеке шарттарын биргелешип иштеп чыгышат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!