"Эркин-Тоо"

Акылбек Жапаров: Эки айдан бери «Кумтөрдө» башкаруу жок

Кумтөр кенинде мөңгүнүн коопсуздугуна жана алардын жылып турганына көз салган система өчүрүлгөн. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин жыйынында «Кумтөр голд компани» ишканасынын ишин текшерүү боюнча комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

«15-майда мөңгүлөрдүн жылып турушун жана коопсуздугун байкоого алган система өчүрүлгөн. Бул аталган аймакта иштеп жаткандардын өмүрүнө жана ден соолугуна түз коркунуч жаратат. Эки айдан бери «Кумтөрдө» башкаруу жок. Биздин адистер, орто звенодогулар гана иштеп жатат. Бирок «Кумтөр голд компани» жетекчилери 50 күн мурда, ал эми акыркылары 2-3 апта мурда чыгып кетишкен. Мыйзамсыз бул өчүрүүнү биздин тартип коргоо органдары карап, кайра калыбына келтирүү иши жүрүүдө», — деди Жапаров.

Эске салсак, бүгүн 17-май күнү, кезексиз жыйынга чогулган Жогорку Кеңештин депутаттары Кумтөр жана чек ара маселелерин карап жатат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!