"Эркин-Тоо"

Акылбек Жапаров элдин үнүн угуп, маани берди

Зарылдык жаралса уюлдук телефондордун IMEI кодун каттоо менен алектенген компания менен келишим бузулушу ыктымал. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, минкаб башчысы Акылбек Жапаров ИИМ жана Бажы кызматынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Анда уюлдук телефондордун IMEI кодун Мамлекеттик идентификациялоо системасында (МИС) каттоо маселеси козголгон.
Жапаров жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана аткезчилик менен күрөшүү үчүн бул өнөктүктүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошону менен бирге каттоодогу айрым көйгөйлөрдөн улам эл нааразы болуп жатканына токтолгон.
Минкаб төрагасы көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырып, зарыл болсо чечкиндүү кадамдар, анын ичинде IMEI-коддорду каттаган компания менен келишимдин бузулушу мүмкүн экенин эскертти.
Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!