"Эркин-Тоо"

Акылбек Жапаров ЕРӨБнын президенти менен жолукту

 Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Лондон шаарына болгон иш сапарынын алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) президенти Одиль Рено-Бассо менен жолукту.

Акылбек Жапаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандын көп жылдык жана ишенимдүү өнөктөшү экенин, Кыргызстанга өнүгүүнүн бардык негизги багыттарында олуттуу колдоо көрсөтүп келгенин билдирди.

“Кыргыз Республикасынын экономикалык саясаты бүгүнкү күндө стратегиялык маселелерди чечүүгө багытталган. Пландаштырылган реформаларды ишке ашыруунун негизги максаты чарбалык субъекттерди колдоо, түз инвестицияларды тартуу жана экспорттун көлөмүн олуттуу көбөйтүү аркылуу экономикалык өсүштү тездетүү, энергетика жана транспорт инфраструктурасы чөйрөсүндө ири инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү”, — деди Акылбек Жапаров.

Ал эми Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одиль Рено-Бассо эки тараптуу кызматташуу мындан ары  уланаарын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда төмөндөгү документтерге кол коюлду:

⁃ “Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоо, ал Балбай баатыр айылынан – Каракол шаарына чейин” (47,3 млн евро);

⁃ “Кыргыз Республикасынын электр камсыздоосун санариптештирүү” (14,63 млн евро);

⁃ “Базар-Коргон шаарын суу менен камсыздоо тутумдарын реабилитациялоо” (8,5 млн евро).

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!