Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Германия Федеративдүү Республикасынын Гамбург шаарына иш сапары менен келди.
Жумушчу сапарынын алкагында Акылбек Жапаров Кыргыз-Герман ишкерлер кеңешинин экинчи жыйынына жана «Гамбург шаарындагы Кыргызстандын экономика күнү» бизнес-форумуна катышат, ошондой эле Гамбург шаарынын Сенатынын Президенти, биринчи мэри Петер Ченчер менен жолугушмакчы.
Бизнес-форумга Кыргызстан менен Германиянын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышат. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча келишимдерге кол коюлат.

