2023-жылдын 25-сентябрынан 27-сентябрына чейин Астана шаарында “ИННОПРОМ Казакстан” эл аралык өнөр жай көргөзмөсү өткөрүлүүдө . Көргөзмөгө КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Астана шаарына  болгон иш сапарынын алкагында  катышты. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Акылбек Жапаров “Жаңы мезгилдин өнөр жай стратегиялары” пленардык жыйынында “Иннопром биздин өлкөлөрүбүздүн инновациялык жана өнөр жайдын потенциалын ырааттуу өнүктүрүүгө биздин жалпы умтулуубуздун далили. Кыргызстан ар дайым аймактык кызматташтыктын эбегейсиз зор маанисин түшүнүп келет жана өзгөрүп жаткан дүйнөнүн азыркы динамикасы бизден салттуу өнөктөштөр катары саясий эркти жана өнөр жай кооперациясына, жашоонун бардык чөйрөлөрүндө адилет интеграцияга карай биргелешкен чечкиндүү аракеттерди талап кылат”, – деди.

Ал ошондой эле өнөр жайды жана экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комплекстүү чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, “дүйнөдөгү жаратылыш ресурстарынын тез түгөнүп жатышы азыркы замандын башка чакырыктары менен бирге бизден дагы натыйжалуу кадамдарды жасоону жана пайдалуу чечимдерди кабыл алуу талап кылынаарына” көңүл бурду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы энергетика жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн суу ресурстарын сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу маанилүү экенин белгиледи.

“Биз өз аймагыбызда экологиялык жактан таза энергия булагы болгон ГЭСтерди куруу боюнча бир катар долбоорлорду акырындык менен ишке ашырууну көздөп жатабыз. Кыргызстанда ГЭСтерди куруу долбоорлорун ишке ашыруу региондогу мамлекеттердин гидроэнергетикага болгон муктаждыктарын канааттандырат жана ошону менен биздин өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Ушуга байланыштуу бүгүнкү көргөзмө соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн келечектүү аянтчалардын бири болуп саналат”, – деп сөзүн жыйынтыктады.

Белгилей кетсек,  “ИННОПРОМ Казакстан” эл аралык өнөр жай көргөзмөсү  машина куруу, кеме куруу, станок куруу, химия, металлургия, текстиль жана авиация өнөр жайларына арналган. Көргөзмөдө дүйнөнүн 20дан ашуун өлкөнүн алдыңкы өнөр жай жана инновациялык компаниялары өз экспозицияларын тартуулашат.