"Эркин-Тоо"

Акылбек Жапаров иш сапары менен Абу-Дабиге келди

­Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) келди.

Иш сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Соода жана өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун конференциясы (ЮНКТАД) тарабынан уюштурулган Дүйнөлүк инвестициялык форумдун 8-сессиясына катышат.

Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын жогорку даражалуу кызмат адамдары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, Абу-Дабидеги мамлекеттик корпорациялардын жана алдыңкы компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары арттыруу маселелери талкууланат.

Белгилей кетсек, Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумдун жеке чакыруусу менен Абу-Дабиге келди.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!