"Эркин-Тоо"

Акылбек Жапаров иш сапары менен Австрияга келди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Австриянын Вена шаарына келди.

Жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга катышат.

Талкуунун негизги темасы Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору болмокчу.

Ошондой эле Австриянын европалык жана эл аралык иштер федералдык министри Александр Шалленберг жана Австриянын экономика жана эмгек федералдык министри Мартин Кохер менен жолугушат жана европалык гидроэнергетикалык компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!