Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Казакстандын Алматы шаарына келди.
Иш сапарынын алкагында Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына жана “Digital Almaty 2024: Индустрия X” эл аралык санарип форумуна катышат.
Мындан тышкары, ал бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.