"Эркин-Тоо"
Коом

Акылбек Жапаров иш сапары менен Улуу Британияга келди

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Кардифф шаарына келди. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров Лондон шаарында боло турган “МАЙНЕКС – Евразия” кен казуу өнөр жайында инвестициялар боюнча 11-эл аралык конференцияга катышып, тоо кен тармагы боюнча сөз сүйлөйт.

Ошондой эле Акылбек Жапаров кыргыз-британ ишкерлер кеңешинин биринчи жыйынына катышат. Мындан тышкары иш сапарынын алкагында тоо кен, энергетика, инвестиция, экономика, каржы, соода тармактары боюнча Улуу Британиянын расмий өкүлдөрү жана компаниялары менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.