"Эркин-Тоо"

Акылбек Жапаров Кумтөрдүн дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводуна барды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Токмок шаарындагы “Кумтөр Голд Компани” ЖАКнын Желим жана башка буюмдарды чыгаруу менен автомобиль дөңгөлөктөрүн кайра иштетүү жана калыбына келтирүү боюнча заводуна барды.

Завод учурда тесттик режимде иштеп жатат. Заводду толук кандуу ишке киргизүү 2023-жылдын аягы  2024-жылдын башы деп пландалууда. Ишкана иштеп баштагандан тартып 180ден ашуун адам жумуш менен камсыз болуп, саатына 2 тонна эски дөңгөлөк кайра иштетилип чыгарылат. Долбоорду ишке ашырууга 19,2 млн доллар жумшалып, кирешенин ички нормасы 33%ды түзөт.

Иштин жүрүшү менен таанышып чыккан Акылбек Жапаров кайра өндүрүлгөн товарлар Кыргызстандын өзүндө гана эмес, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттерине дагы чыгарылаарын билдирди.

Белгилей кетсек, эскирген дөңгөлөктөр кайра иштетилип жаңы продукцияга, тагыраагы желимге, текстилге, пресстелген материалга айландырылат.

Техникалык-экономикалык негиздеме тарабынан иштелип чыккан долбоорго ылайык, 2026-жылдан 2030-жылга чейин, тагыраагы 5 жылда киреше салыгын төлөөнүн суммасы орто эсеп менен 60 млн сом деп болжолдонууда.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!