"Эркин-Тоо"

Акылбек Жапаров Лондондо бир катар компаниялардын жетекчилери менен жолукту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Лондонго болгон иш сапарынын алкагында, “МАЙНЕКС – Евразия 2023” эл аралык конференциясынын жүрүшүндө, каржы жана тоо-кен тармагында иш алып барган бир катар компаниялардын жетекчилери менен жолукту.

Алгач, британиялык “Rotschild and Co”компаниясынын башчысы Ариэль де Ротшильд менен жолуккан Акылбек Жапаров каржы маселелерин талкуулашты.

Андан соң “Franklin and Templton” инвестициялык фондунун аткаруучу директору Мариус Дэн менен жолугуп, активдерди башкаруу боюнча сүйлөштү.

Мындан тышкары консалтингдик “SRK Consulting” компаниясынын жетекчиси Тим Ларкс менен жолугуп, тоо-кен тармагында сүйлөшүү жүргүздү.

“Тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү менен биз бул ишке ата мекендик гана эмес, бардык кызыкдар инвесторлорду жана бизнес чөйрөлөрдү тартууга дайым даяр экенибизди билдиребиз. Ушуга байланыштуу биз Кыргыз Республикасына бардык инвесторлорду тоо-кен тармагында, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде кызматташууга чакырабыз”,-деди А.Жапаров.

Ошондой эле маанилүү минералдар боюнча тегерек столго катышып, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле экологиялык жактан таза энергия булактарын өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү максатында Кыргызстан маанилүү пайдалуу кендерди казып алууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Андан соң “Renaissance Capital” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп, инвестиция тартуу боюнча эки тарапты кызыктырган маселелерди талкуулашты.