Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өлкөгө расмий сапар менен келген Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолукту.
Акылбек Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы көптөгөн тармактарда кызматташуунун олуттуу потенциалын белгиледи. Атап айтканда, энергетика, транспорт, айыл чарба, логистика, телекоммуникация, өнөр жай, каржы, халал индустриясы, тоо-кен өндүрүшү, маалымат технологиялары, туризм жана башка тармактарда өз ара аракеттенүүнүн чоң келечеги бар.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы толук масштабдуу бизнес өнөктөштүктү баштоо үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Кызматташтык механизмдеринин бири 1997-жылы түзүлгөн атайын кыргыз-малайзиялык биргелешкен комиссия болуп саналат. Акылбек Жапаров бул Өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жакынкы аралыкта Бишкекте же Куала-Лумпурда улантууну сунуштады.
Акылбек Жапаров малайзиялык инвесторлорду энергиянын кайра жаралуучу булактары, тоо-кен өнөр жайы, жеңил өнөр жай, халал сертификаты жаатында кызматташууга, IT тармагында, билим берүү тармагында кызматташууга, ошондой эле исламдык каржылоо жана Азия банк системасы, жол инфраструктурасын куруу жана башкаруу жаатында тажрыйба алмашууга чакырды.
Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал белгилегендей, эки өлкөнүн ортосунда ишенимдүү жана достук мамилелер бар. Анвар Ибрагим көптөгөн тармактарда чоң потенциалга ээ болгон эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экендигин белгилеп, кызматташтык программаларын иштеп чыгууну баштоону сунуштады.
Малайзия Кыргызстанда оперативдүү банк ачууга жана банк тармагында кызматташууга кызыкдар экендигин жана билим берүү тармагындагы кызматташууга токтолуп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн студенттеринин жогорку окуу жайларында билим алуу баасын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирди.