"Эркин-Тоо"

Акылбек Жапаров: Мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү боюнча иштер күчөтүлөт

Министрлер кабинетинин трагасы Акылбек Жапаров “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин, “Дастан” улуттар аралык корпорациясы” ачык акционердик коомунун, “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын, “Евразия сактык банкы” ачык акционердик коомунун, “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун, “Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун жыйындарын жеринде өткөрүп, алардын жүргүзүп жаткан иштери менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Жарандардын көпчүлүгү үчүн Түндүк системасы бардык санариптештирүүнүн жүзү болуп саналаарын Акылбек Жапаров билдирди.

“Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү порталы аркылуу мамлекеттик кызматтарды мамлекеттик мекемеде жеке катышуунун зарылдыгы жок эле, интернет аркылуу алууга болот. Ошентип, Кыргызстанда мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү чындап эле жарандардын убактысын үнөмдөөгө жардам берип, мамлекеттик кызматтарды алуу процессин тездетет. Бул адамдардын мамлекеттик мекемелердеги бюрократиялык процесстерге сарптаган убактысын кыскартат”, — деди ал.

“Инфоком” мамлекеттик ишканасы өлкөдөгү маалыматтык технологияларды өнүктүрүү тармагындагы негизги ишкана болуп саналат жана ар түрдүү тармактарда кеңири кызматтарды көрсөтөт.

“Евразия сактык банкы” ААКда болгон көчмө жыйында банк секторунда санариптештирүүнү өнүктүрүү санариптик экономикада негизги мааниге ээ экендиги айтылды.

“Биздин рынокто азыркыга чейин чыныгы санариптик банк жок. Банктын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өтүшүнүн себептеринин бири банктын санариптик банкка айланышы болду. Ошондой эле банктын өнүгүү перспективаларына жана Кыргызстандын банк секторуна жаңы технологияларды киргизүү зарыл”, — деди Акылбек Жапаров.

Азыркы учурда интернет жана байланыш жарандардын, бүтүндөй өлкөнүн жашоосунун ажырагыс бөлүгү.

“Кыргыз Республикасынын туруктуу санариптик экосистемасын куруу жана жашоонун бардык чөйрөлөрүндө жаңы технологиялык тартипке өтүү үчүн бардык аракетибизди жумшашыбыз керек. 100% мамлекеттик үлүшү бар компания катары Альфа Телеком өзүн атаандаштыкка жөндөмдүү жана күчтүү оюнчу катары көрсөтүшү керек. Өзгөчө 5G технологиясын ишке киргизүү зарыл”, — деди ал.

Белгилей кетүүчү нерсе, бүгүнкү күндө Кыргызстан аймактарынын бардык жарандары интернетке жана байланышка бирдей жетүү мүмкүнчүлүгү толук эмес. Ал үчүн, учурда “Кыргызтелеком” ААКсы Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган Digital CASA долбооруна катышууда. Бул долбоорго катышуу аркылуу “Кыргызтелеком” ААКсы Кыргызстандын алыскы аймактарында жашаган жарандарына заманбап Интернет байланышына кошулууга шарт түзө алат.

“Интернет жана байланыш заманбап жашоодо негизги ролду ойнойт. Алар баарлашуу, маалымат табуу, окуу, жумуш жана башкалар үчүн негизги куралдар. Мындан тышкары, интернет жана байланыш экономикалык өнүгүү жана саясий туруктуулук үчүн маанилүү. Ал дүйнөнүн ар тарабынан келген адамдарды байланыштырууга, мамлекеттер ортосундагы байланышты жакшыртууга, жарандар үчүн кызматтардын жана маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ошол себептүү, бул тармакты өнүктүрүү мезгил талабы”, — деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!