"Эркин-Тоо"

Акылбек Жапаров Мишустинге Ижевск шаарындагы мектептеги ок атууга байланыштуу көңүл айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинге Ижевск шаарындагы (Россия Федерациясы) мектептеги ок атуунун натыйжасындагы адам курмандыктарына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Россия Федерациясынын Удмурт Республикасынын Ижевск шаарындагы №88 мектепте болгон ок атуудан адамдардын курман болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Министрлер кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бул каргашанын кесепетинен жабыркагандардын бардыгы тез арада сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат телеграммада.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!