"Эркин-Тоо"

Акылбек Жапаров программалык негизде бюджеттөө жөнүндө чечимге кол койду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров программалык негизде бюджеттөө жөнүндө чечимге кол койду.

Аталган документ Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарын түзүүнүн алкагында Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясынын, ошондой эле республикалык бюджеттин бөлүгү болуп саналган кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге программалык негиздеги бюджеттердин долбоорлорун сапаттуу жана өз убагында түзүү максатында кабыл алынган.

Мындан улам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү бекитүү чечимин кабыл алды:

1) Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясын түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускама;

2) Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускама.

Буга катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 854 “Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!