Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Ташкент эл аралык III инвестициялык форумунун пленардык жыйынына катышты.
Алгач Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев, жалпы Ташкент эл аралык III инвестициялык форумун ачып, жалпы 2,5 миңден ашуун катышуучулардын ишине ийгилик каалады.
Акылбек Жапаров, акыркы жылдары Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы туристтик агымы жогору болгонун, ошондой эле эки мамлекеттин өз ара соода жүгүртүүсү эки эсеге өскөнүн, учурда товар айлантууну 2 млрд долларга жеткирүүнүн үстүндө иш жүрүп жатканын айтты.
Акылбек Жапаров форумдун энергетика боюнча панелдик сессиясында Кыргызстандын жалпы энергетикалык потенциалы, Кыргызстанда курулуп жаткан эң ири Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш долбоору тууралуу сөз сүйлөйт.