"Эркин-Тоо"

Акылбек Жапаров Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин президенти менен жолукту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) президенти Акихико Танака менен жолукту.

Жолугушууда тараптар экономика, билим берүү, маданият, клматтын өзгөрүүсү, туризм жана спорт тармактарындагы кыргыз-япон кызматташтыгын талкуулашты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргызстан көп жылдардан бери ишмердүүлүктүн эң приоритеттүү багыттары боюнча долбоорлорду ишке ашырып келе жаткан Япония Өкмөтүнүн жана Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) жардамын жогору баалай турганын билдирди.

Ошондой эле Япония Өкмөтүнүн Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын Япониянын жогорку окуу жайларында окутуу үчүн гранттык программасынын (JDS) алкагында кызматташуунун ийгилигин белгиледи.

Кыргызстанда бир нече эки тараптуу расмий өнүктүрүү институттары натыйжалуу иштеп жатканы белгиленип, Кыргыз-япон өнүктүрүү фондун түзүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!