"Эркин-Тоо"

Акылдуулар өзүнө ишенишпейт!

Ал эми акылсыздар өзүнө болгон ишенимин такыр жоготушпайт. Алар кандай учур болбосун өзүүнө ишенимдүү жүрүшөт.
Эч ким өзүн акылсызмын деп ойлобойт. Бул адамга берилген өзгөчө сезим. Акылсыз экендигин мойнуна алган адам жокко эсе. Бирок, 5 адат акылсыздарды сатып коёт.

  1. Бир гана менин айтканым болсун деп талап кылуу
    Акылдуу адамдар айрыкча конфликт болгон учурда башка тараптын да үнү уга билет. Мүмкүн каршы тараптын да чындыгы барбы?,-деп ойлонот. Башкалардын аргументтерин акылсыздар гана угушпайт. Орток пикир таба албаган адамдар менен мамиле түзүүнүн кажети жок. Алар катасын эч качан моюндашпайт. Акылсыздар менен болгон талаш-тартыштын аягы болбойт. Психологдор мындай абалды “Даннинг-Крюгер” эффекти деп аташат. Психологдор адамдарга болгон жаман мамиле гана өзүнө болгон ишенимди күчөтөт деп аныкташкан.
  2. Өз катасын башкага оодара салуу
    Акылдуулар катасын моюндаган соң, аларды сабак катары пайдаланат. Ал эми өзүнө ишенимдүү болгон акылсыздар каталарынан сабак албагандыктан эч качан жашоо-турмушун оңдой алышпайт. Катасы үчүн жоопкерчилик албоо- адамдагы эң жаман сапаттардын бири. Акылын бештей албагандар дайыма өзүн запкы жеген адам катары көрсөтүшөт. Алар алсыз болуп, башкаларды жеңем деген ойдо болушат. Ал эми акылдуулар күчтүү болуп гана жеңишке жетишүүгө болот деп эсептешет.
  3. Сезимдерди четке кагуу
    Акылдуулар эмоционалдык маалыматтарды бат кабыл алат. Алар күчтүү эмпатам болушат. Башкалардын сезимдерин дароо кабыл алып, өзү аркылуу өткөрүүгө жөндөмдүү. Техастын Техникалык университетинин профессору Рассел Джеймс 1000 адамды изилдөөгө алып, акылдуулар альтруист болорун аныктап чыккан. Ал эми акылсыздар өзү тууралуу гана ойлонуп, эч кимге убакыт, сезим короткулары келбейт.
  4. Конфликт учурунда агрессивдүү болуу
    Акылы жок адамдарга тиешелүү сапат. Жин келгенде акылдуулар өзүн кармай алышат. Ал эми агрессивдүү болуп, майда-чүйдөгө жини келе бергендердин акылы тайкы болот. Мичиган университетинин окумуштуулары интеллекти төмөн адамдарда агрессия күч болот деген жыйынтыкка келишкен.
  5. Өзүн мактайт
    Атаандыштыктан коркушат. Өзүнөн күчтүү адамдар менен мамиле түзө алышпайт. Өзүнөн сулуу адам менен катарлаш баса албайт. Ал эми акылдуу адамдар бул жагынан эркин болушат. Атаандаштыктан коркушпайт. Ал эми сулуулукка тескерисинче суктанышат. Жакында Канадада жүргүзүлгөн изилдөөлөр акылсыз адамдар расизмге, гомофобияга жакын болорун аныктап чыгышкан.
Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!