"Эркин-Тоо"

«Акылман» президенттик лицейине кабыл алуу үчүн конкурстук тандоо жүргүзүлөт

2024-2025-окуу жылына карата «Акылман» президенттик лицейине кабыл алуу үчүн конкурстук тандоо жүргүзүлөт.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, тандоого 6-класстардын окуучулары катышып, калктын аялуу катмарынын жана жетим балдардын арасында сынактык тандоо жүргүзүлөт.

20-апрелден 30-апрелге чейин каттоо болот, 4-6-майында алдын ала онлайн тестирлөө, 10-майында биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган 2 эки миң талапкерлер үчүн онлайн тестирлөө өткөрүлөт. 14-майдан 20-майга чейин экинчи этаптын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган 700 талапкерлер үчүн тестирлөө уюштурулат.

Министрлик «Акылман» лицейин каржылоо толугу менен Президенттин фондунун эсебинен жүргүзүлөрүн жана түздөн-түз өлкө башчысына баш иерин белгиледи.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!