2023- жылы Кыргызcтанда “Акылман” президенттик лицейи түзүлгөн. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон. Анын алкагында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик адистештирилген “Акылман” президенттик лицейи иштей баштаган. Бул багытта “Акылман” президенттик лицейинин директору Эмил Рыскулов менен маектештик.
— Эмил агай, лицейди уюштуруунун негизги максаты тууралуу айтып берсеңиз, ушу тапта лицейде канча окуучу билим алып жатат?
— Бул лицей Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун колдоосу менен өлкө ичиндеги зээндүү, шыктуу балдарды окутуу, тарбиялоо, таланттуу жаштарды колдоо максатында ачылган. 7 дубандан тандалып алынган зирек, окууга ынтызар окуучулар билим алышат. Окуп жаткан балдардын интеллектуалдык, чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, аларга дем берүү үчүн зарыл шарттарды түзүү – билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири экени анык. Ал эми учурда лицейде жалпы 195 окуучу билим алууда. Алардын ичинен 101 кыз, 94 эркек бала. Жалпы иштеп жаткан кызматкерлердин саны 90 адамды түзөт.
— Окуучулардын бардык чыгымы мамлекеттен каржыланабы?
— Ооба. Бизде окутуу толугу менен акысыз жүргүзүлөт. Бардык чыгымдар мамлекет тарабынан камсыздалат. “Акылман” президенттик лицейинин окуучуларына жана кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы менен бардык шарттар түзүлгөн.
— Ал эми балдардын билим алуусунда эмнелерге өзгөчө басым жасалат?
— Лицейде окутуу кыргыз жана англис тилдеринде жүргүзүлөт. Окуучулардын өз тандоосуна жараша 18 ийрим бар. (Алар– комуз, кол өнөрчүлүк, спорттун түрлөрү, корей тили, жапон тили, робототехника, компьютердик сабаттуулук ж.б. Окуучуларыбыз бир нече жергиликтүү жана эл аралык сынактарга катышып, байгелүү орундарды багындырышууда. Так илимдер – химия, физика, биология, математика, геометрия, дүйнөлүк багыттар жана долбоорлук иштер, информатика сабактары англис тилинде өтүлөт. Гуманитардык илимдер – география, тарых, укук негиздери жана музыка кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Мындан тышкары биздин окуу планыбызга улуттук баалуулуктарды окуучуларыбызга сиңирүү максатында МУРАС сабагы киргизилген. Бул сабакта улутубузга тиешелүү баалуулуктар, маданият, тарых, каада-салт ж.б. багыттар камтылган. Ар бир окуучуга акысыз түрдө формалар берилет. Окуучулар заманбап планшеттер менен камсыздалган. Ал планшеттердин ичинде окуу процессине керектүү программалар жана окуу китептери жүктөлгөн. Мындан сырткары ар бир окуучу окуу-методикалык комплекстери менен дагы толук камсыздалган.
— Лицейге балдар кандай талаптар менен кабыл алынат?
— Өлкөнүн мектептеринде 6-класста окуп жаткан өзгөчө зээндүү окуучулар кабыл алуу сынагына катыша алышат. 1-апрелден тарта Кыргызстанда “Акылман” президенттик лицейи 2025-2026-окуу жылына карата сынактык тандоону баштады. Кабыл алуу конкурстук тандоонун гана негизинде жүргүзүлөт. Катышуучунун үй-бүлөлүк жана социалдык абалы каралбайт. Андыктан, катышуучулардын социалдык статусуна карабастан, баарына бирдей мүмкүнчүлүк түзүлөт. Конкурстук тандоого 6-класстын окуучулары гана катыша алат. Быйыл test.akylman.edu.kg сайты иштелип чыккан жана расмий Telegram каналдар, социалдык баракчалар аркылуу кеңири маалымат берилүүдө. Адистер тарабынан онлайн тесттерде коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу жана бирөөнүн жардам берүүсүнө бөгөт коюу үчүн коопсуздук системалары иштелип чыкты. Конкурстук тандоо 3 этаптан турат. 1-2-тур онлайн тестирлөө. Онлайн тестирлөө test.akylman.edu.kg сайты аркылуу жүргүзүлөт. Каттоо 1-апрелден баштап, 14-апрель күнү саат 18:00гө чейин уланат. Ал эми, 15-16-апрель күндөрү “сынамык тест” тапшыруу өткөрүлөт. Тактап айтканда, 1-тур 18-19-апрель күндөрү, test.akylman.edu.kg сайты аркылуу онлайн форматта жүргүзүлөт. 2-тур 23-24-апрель күндөрү, test.akylman.edu.kg сайты аркылуу онлайн форматта болот. Ал эми конкурстук тандоонун 3-туру бул – оффлайн тестирлөө, ал 1-майдан баштап, 8-майга чейин, ар бир облуста жеринен өткөрүлөт. 3-турга конкурстук тандоонун 1-2-турунан тең ийгиликтүү өткөн окуучулар гана катыша алышат.
— Тандоо сынагында 6-класстын окуучулары кайсы предметтерден сынак тапшырат?
— Балдар конкурстук тандоонун 1-2-турунда математика, кыргыз тили, орус тили, тарых сабактарындагы жана логикалык суроолорго жооп берет. 3-турда математика, кыргыз тили, англис тили боюнча жана логикалык суроолор болот.
Мээрим Бактыбек кызы