Таланттуу акын Өмүрбек Тиллебаев Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Замана” студиясында мейманда болду. Жакында эле акындын “Адамдын күн жүрүшү” аттуу китеби жарыкка чыккан. Жыйнакка акыркы жылдары жазылган жаңы ырлары жана ошондой эле “Аюу жана Билл Гейтс”, “Айып дүйнөдөн кайып дүйнөнү издөө жандалбасы”, “Муз дубал”, “Адамдын Күн жүрүшү”, “Орозосуз отуз күн, же Ванганын эскертүүсү” аттуу помалары кирген. Көрсөтүүнү акын, журналист Атахан Кожогулов жана Назира Бердигулова алып барды.