“Жалгыз жатсам сиз деп жатам, сырдашам, Жазсам жалаң сиз жөнүндө ыр жазам” деген сап теле-радиодон ырчынын мукам обону менен кубулжуй чыкканда, эрксизден ал саптарды жараткан кыздын элеси көз алдыга тартылчу. Кара каш, кара көз, баёо, тунук, али балалыгы жүзүнөн кете элек селкинин көкүрөктөн өйдө түшкөн сүрөтү… Андан бери далай суулар агып, далай жолу төрт мезгил жергебизге учуп-конуп, элге эмгеги сиңген эчен адамдар ала-тоодон караан үзө көк бетине жылдыз болуп тагылды… Каарманыбыз кийинки жылдары удаа-удаа ыр жыйнактарын чыгарып, поэзия дүйнөсүнө терең сүңгүй, жүрөктү өрттөгөн лирикаларды жаратты. Арасындагы айрым ырларды окуган соң, эженин ыр казынасынын түпкү башаты болгон жаштык ууз сезими, тагдыры, чыгармачылыгы тууралуу дил маек жасоону эп көрдүк…
— Болдукан эже, сиз менен Рыспай Абдыкадыров тууралуу маектешсек жагымдуу эле болобу же…?
— А-а, эмне үчүн болбосун, албетте болот. Рыспай агай тууралуу айтканда эч токтоно албайм, айта берем. Ал тууралуу сөзүм бүтпөгөнүнө өзүм да таң калган учурларым бар. Мен үчүн Рыспай агай дал ушундай, бүтпөгөн бир тема…
— Анда абдан кубанычтамын, сөздү башынан баштайлы. Турмуштун, өз тагдырыбыздын биз моюнга алганга, танып койгонго мүмкүн болбогон айрым чындыктары болот экен. Сиз гүлкайырдай кулпунуп турган кезиңизде КР эл артисти, залкар обончу, ырчы Рыспай Абдыкадыровдун сезиминин ойгонушуна таасир эткен экенсиз. Бул унутулгус окуя кайдан, кандайча башталып кетти эле?
— Ошол күздө, 1993-жылды айтам… Мен өзүмө, ал тургай бул дүйнөгө батпай, бир башкача буулугуп, ички дүйнөмдө толкун, сел жүрүп, мына-мына атыла турган октой болуп калгам. Көрсө, биз үчүн (агай экөөбүз дегеним) тагдырдын өзгөчө бир күнү даярдалып жаткан экен. Агай да, мен да жолугуп, бирибирибизге мээримибиз түшүп калат деп ойлогон эместирбиз… Бизди жолуктурган эң негизги себеп, бул – Муза жана Поэзия ааламы. Эгерде, биз музыканы, поэзияны жүрөгүбүз менен сүйбөгөндө эч качан жолукмак эмеспиз. Музыка жана Поэзия – бизди бириктирген ыйык көпүрө.
… 1993-жылы күздө Т.Сатылганов атындагы филармонияда 30-октябрдан 1-ноябрга чейин Рыспай агайдын чыгармачылыгынын 30 жылдык отчёттук концерти болгон. Биз ошол концерттен кезиккенбиз. Агайдын концертине катышып, анын А.Токомбаевдин сөзүнө жазган алгачкы обону “Кыздын ыры” аттуу ырын ырдоо мага буюрган экен. Албетте, мен кесипкөй ырчы эмесмин, бирок бутум жер баспай, булут менен баскандай ырдап жүрчүмүн. Агайдын кечесинде ырдаганым, менин алгачкы жана акыркы жолу чоң сахнага чыкканым болуп калды…
— Кыргыз элинин обон тарыхында өчпөй турган орду бар, атактуу адамдын сезими сизди таң калтырдыбы? Тагыраак айтканда сизге кандай таасир этти?
— Рыспай агай менен жолугушуу менин жашоомду гана эмес, көз карашымды, ойлорумду түп-тамырынан өзгөрттү десем болот. Агайдын сезими тууралуу эч нерсе айталбайм, бирок анын ошондогу оттуу, мээримдүү, ый жана ой тунган каректерин эч качан унутпадым. Ошол каректер жылдар бою мени коштоп жүрдү, жүрөгүмдүн отун күчөттү, айтып бере албас таттуу сезимдерге бөлөдү, бешикте терметкен баладай дүйнөмдү терметти. Билесиңби, мен жанар тоодой атылдым, токтободум, жана бердим, күйө бердим… Шурудай чачылдым, жылдар бою жыйналбадым… Аалам кезген дубанадай баарынан кечип, өз дүйнөмө сүңгүп кирип кеттим… Жашоого кайтканыма аз гана жылдар болду. Таттуу уйкудан ойгонгондоймун. Ойгонбой эле койгонумда кана!.. Жердин үстүндөгү жашоо кандай гана түйшүк, ал эми сүйүүсүз жашоо тозоктун нак өзү…
— Үйлөнүү оюнуздарда болгонбу?
— Ооба, болгон. 1994-жылы январь айында Б.Боркеевдин “Шерине” аттуу автордук берүүсүнө тартылганы келгенде үйлөнүүнү сунуш кылган, буюрбаптыр, агай тез эле өмүрдөн өтүп кетти. Ошентсе да, кандай кырдаал болбосун, мен өзүмдү бир эле учурда чексиз бактылуу да, бактысыз да адам деп эсептедим. Бактылуу болгонум – мен сүйө аламын, менде сүйө турган жүрөк бар, анан калса жөн эле сүйбөйм, жок болуп калганымча, эстен танганчакты сүйөм, кадыр-барктан кечип, коркпой сүйөм.
Муктар Шаханов: “… Махабатты үйлөнүү деп ойлошот, Кудуретин, күчүн билбес шордуулар…” десе, Мукагали Макатаев “Бакытты алыстан издебе, жүрөктөн тап бакытты” деген экен. Мен махабат менен жүзмө-жүз беттештим, махабаттын кудурет-күчүн сездим, махабатты тааныдым, махабаттын жыргалын, бакыттын туу чокусун жүрөктөн таптым. Сүйүү үчүн жашадым, сүйүү үчүн ыйладым, сүйүү үчүн кубандым. Шандор Петефи “Сүйүү жана эркиндик” деген ырында “Сүйүү үчүн керек болсо, өлүмгө да барамын. А сүйүүнү эркиндикке курмандыкка чаламын” дептир, а мен болсо сүйүү жана эркиндик үчүн өзүмдү садага чаптым…
Ал эми бактысыздыгым, кадимки пенде катары жасаптүзөбөй түз айтайын, ал – менин жалгыздыгым… Жалгыздык менин азабым жана жазамдай туюлат, бул азап ар кандай пенделик жашоо муктаждыгы пайда болгондо гана сезилет…
— Бул ажайып сезимдин сыры элге кандайча жарыя болуп кетти эле?
— Ырдап жүрүп Рыспайга, жазып жүрүп Жанызакка жолуктум дегендей… Аспирантурада окуп жүргөн чагымда “Үркөр” деген менчик газетада дагы иштечүмүн. Агай тууралуу ыр-эсселеримди ушул гезитке жарыялап турдум, агай өзү да билчү. Бул гезитти алып окуй турган. Кийин Рыспай агай каза болгондо “Асаба” менен “Аалам” гезитине коштошуу зыйнатын кылып ыр-эссе жарыялагам. Тобоо, азыр ойлосом, жүрөгүм тоодой тура, эртеңки натыйжа кандай болот, эл-журт, ата-эне, тууганурук эмне дейт деп таптакыр ойлобоптурмун, ошол учур күчтүү сезимдин агымы менен гана агып кете берип, бир дагы акыл менен иш кылбаптырмын.
Мына ушул коштошуу эссемден улам эркин журналист Жаныбек Жанызак билип калып, мен иштеген жерге издеп келиптир. Сөздү кабыргасынан коюп эле “сени жазам” деди. Адегенде макул болгон эмесмин, анан кантип эле бардыгын айтып салдым десең…
(Уландысы бар) Бетти даярдаган Афина БАКИРОВА
№11 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 14-февралы