"Эркин-Тоо"

Акын Нуриза Өмүрбаева:“Аруу, улуу сүйүү Айтматов менен Бүбүсарадан кийин токтойт окшойт…”

Нуриза Өмүрбаева Москвадагы МГУнун бутүрүүчүсү. Учурда Түркия шаарында жашайт. Таланттуу акын жана жазуучу кыз менен дилмаек курдук.          

            — Ырларыңызда айтар ойду өз каалаганыңыздай жазып, чыгармаңыз купулуңузга толо түшкөн кезде кандай сезимдер курчап алат сизди?

— Жаңы жазган ырың өзүңдүн көңүлүңдөгүдөй чыкса, чоң иш кылгансып  сүйүнүп каласың го. Ырды кайра-кайра окуп, толкундап дегендей. Бирок, көптөн бери андай бактылуу сезимге туш боло элекмин. Анткени “ушул жакшы ыр болду” деп өзүм сүйүнгүдөй, өзүм ишенгидей ыр жаза элекмин.  А өзүңө жакпаган ыр башкаларга деле жакпайт экен.

           — Жакында Нарсулуу Гургубай эже менен биргеликте жазган “Кат турмуш” китебиңер адабий журтчулукту бир сыйра уу-дуу кылды, эже экөөңөрдө чыгармачылык жолдоштуктан сырткары да адамдык же курбулук бир жакындык бар. Мынчалык жакындыкка, боордоштукка чыгармачылыктан тышкары эмнелер себепкер болду деп ойлойсуз?

— “Адамдардын ортосундагы достук, жакындык көп жылдарды талап кылат, ар кандай сыноолордон өтүп отуруп, анан бекемделет” деп айтышат го. Мунун канчалык чындыгы бар билбейм. Нарсулуу эже экөөбүздүн таанышканыбызга  аз эле убакыт болду. Бирок мен эжени бир өмүр тааныгандай, бир үйдө чоңойгондой эле сезиле берет. Ал эми экөөбүздүн ортобузда жакындыгыбызды, бири-бирибизге болгон  ишенимибизди сынай тургандай деле окуялар болгон жок. Балким болгондур. Өзүбүз байкап-байкабай өтүп кеткендирбиз… Азыр ойлоп көрсөм биз аз жолугат экенбиз. Өзгөчө акыркы 5 жылда үч эле жолу жолугуптурбуз. 2021-жылы Стамбулда, 2019-жылы Бакуда, 2018-жылы Кыргызстанда. 2018-жылы Кыргызстанга чогуу барганыбызда биздин үйдө 3-4 күндөй жүрдүк. Ошол күндөрдө эже мага: Нүкү биздин эмнеге жакын болуп калганыбызга эми түшүндүм, жакын адамдардын алган тарбиясы, балалыгы, алар чоңойгон үй дагы окшош болот турбайбы деп айтты. Ошондон улам адамдардын ортосундагы чыныгы достуктун, жакындыктын сыры себептери биз ойлогондон да тереңирээкте болот экен деп калдым.

“Кат турмушта” жазылган аялдардын тагдырын окуп отуруп бир таң калыштуу нерсе байкадым. Өзүнүн бактысыз экенин билип, бирок “бактылуулуктун” сүрөтүн тарткан аялдар чын эле көппү?

 

— Көп болбосо дагы жакшы эле бар. Анткени кыргыз аялдары бактысыздыгынан эмес, бактысыздыгым ачыкка  чыгып калат деп көбүрөөк намыстанышат. Уялышат. Эл эмне дейт. Балдарым эмне болот деген эки себеп бар. Үчүнчү дагы бир чоң себеп эркектерге болгон көз карандылык. Ушундан кетсем эле жашоом өтпөй талаада калам деген коркуу. Бул өмүр бир эле жолу берилет деген сөздү этибар албай, эртең жашоо-турмушум оңолуп, балдарым чоңоюп, бактылуу болуп кетем деп кыйналганын жаап — жашырып жашап келишкен, жашап жатышат. Бирок бул нерселер көбүрөөк улуу муунга тиешелүү. Кийинки муун андай эмес. Азыр кыргыздын кыздары өзгөрдү. Өзүн сыйлаган, башкаларга жемин жедирбеген, өз бактысын бардык нерседен жогору койгон, өзүн бала-чакасын багып кете ала турган жаңы мүнөз күттү, күч күттү.

 

  • Ошол эле “Кат турмушка кайрылсак, эркек каармандар мажирөө, чечкинсиз, майда… Чыныгы жашоодо?

 

— “Кат турмуштагы” эркек каармандар чет жерде, ар кандай кыйынчылыктарга туш болуп, жашоолору сынып калган мигранттар. Ошондой адамдардын образы. Бактылуу, ийгиликтүү, мүнөзү курч,  жашоо-турмушу жакшы  адам мигрант болбойт да. Алардын бактысыз, майда, чечкинсиз болуп калгандары кечиримдүү болушу мүмкүн дейин десең чыныгы жашоодо деле ошол мүнөздөгү адамдар көп. Күнүгө эле каршыбыздан чыгып атпайбы. Жашоодо деле, соцтармактарда деле аял-эркек деп бөлүнбөй капкайдагы эле ушак-айыңды териштирип, талкуулап, ажылдашып, майдаланып отуруп калдык.

            — Ушундан улам бир суроо жаралды, аял-эркектин ортосундагы улуу сүйүү тек гана поэзияда же болбосо искусствонун ар кандай түрлөрүндө гана жашап калгандай, а күнүмдүк турмушта андай улуулук жоктой… Сизге кандай сезилет?

— Жашоодогу бар нерсе искусстводо чагылдырылат деп ойлойм. Улуулук, улуу сезимдер албетте жашоодо бар, болгон. Болгону азыркы күндө бардык нерсе майдаланып кетпедиби. Адамдардын адамдык милдети, жашоосу, багыты, максаты баары майдаланган жерде сүйүүсү да майдаланып калды. Болбосо Олжобай менен Кишимжан, Аксаткын менен Кулмырза сыяктуу эл ичинде ашыктар жашаган да. Алар жашаганы үчүн чыгармалар жазылып, адамдар үлгү катары көрүп, сүйүүгө жоопкерчиликтүү мамиле кылып, сүйүү үчүн баатырдыкка, курмандыкка  барышса керек. Андан кийин эле Айтматов менен Бүбүсаранын сүйүүсү деп тамшанып, суктанып, үлгү кылып айтып жүрөбүз. Бирок, улуу сүйүү деген сезим, түшүнүк Айтматов менен Бүбүсарадан кийин бүтөт окшойт деп ойлоп кетем.  Анткени акыркы убактарда  уламышка айлана тургандай улуу сүйүү кездештире элекмин, уга элекмин.  Маселен мындан 30жылдан кийин 50 жылдан кийин азыркылардан кимдин сүйүүсүн мисал кылып улуу сүйүү деп көрсөтөбүз. “Аял деген үйдө отуруп бала тарбиялашы керек”, “эркек кишиге өйдө карап сүйлөбөш керек” деп калган жигиттерибиздин сүйүүсүнбү же “мен сенин өмүрлүк жарыңмын, менин сөзүмдөн чыкпа”, же болбосо жигитке “мен сени сүйөм, сен менин бийигимсиң” деп атып эле эртеси жигитти ашата сөгүп  калган, же жигитти сүйөм деп жатып эле байлык үчүн атак үчүн башканы ээрчип кетип аткан кыздардын  сүйүүсүнбү?.. Ошондон улам аруу, улуу сүйүү Айтматов менен Бүбүсарадан кийин токтойт окшойт деп ойлоп калам.

Учурда коомдогу ар кайсы идеологиялык агымдар элди бириктирбей, ар кайсы багытка жетелеп баратат… Ар кайсы агымды туу тутунуп алышып, көз караштардын келишпестигинен жаатташып айтышуу соцтармактарда ж.б жерлерде адатка айланууда. Алардын ичинен өзгөчө жаштардын абалы көбүрөөк кейитет. Биз жаштарды ушундан артка кайтарып, улуттук нарктын баалуулугун туу тутууга үйрөтө алабызбы?

 

— Бул абал, бул маселе мени да кейитет. Дагы көптөрдү кейитет. Ушинтип ойлонгондор, кейигендер көппүз. Бирок биз бириге албай жатат окшойбуз. Өзүбүздөн кичинекейлерди ээрчите албай жатабыз. Аларды азгырып, башка улуттардын маданият-салтын бизге сиңирип аткандарга каршылык көрсөтө албай жатабыз. Биз ушинтип ар кайсы бурчта ар ким өз арабасын тартып жатканда бардык жаштар башаламандыкка сүңгүп кетти.  Ар кимди ээрчип бараткан жаштарды “ай, бери бас, ал туура эмес, бул туура” деп койсок эле алар бизди көздөй бурулуп кетпейт да. Сөз менен айтып жеңе турган нерсе эмес бул. Азыр сөздүн заманы эмес. Азыр программанын, баш айлантуунун, каражаттын, кызыктыруунун заманы менимче. Башка агымдар жаштарга эмнени берип жаткан болсо биз ошонун ордун баса турган, аларды кызыктыра турган  нерселерди сунушташыбыз керек. Өзүбүздүн тамырыбызга кайтара тургандай чоң программа менен иштешибиз  зарыл. Бирок, кайсыл жерден, кантип баштайбыз, аны билбейм…

 

            Жакында эле коомчулукту оңбогондой чууга салган эки окуя катары менен өттү. Бири – Москвада бала багуучулукка жалданып барып туугандарынан таяк жеген секелек кыздын окуясы Экинчиси Сузактагы мугалим менен окуучунун ортосундагы пикир келишпестик... Ошол окуялар да коомчулукту бир топ эле жаатташтырып койгону байкалдыбы?

 

— Байкалбай анан, бир ырчынын көйнөгүн тартышып, жаатташкан биздин коом үчүн жогорку эки окуя чоң себеп болду окшойт. Адатта мен мындай учурларда элге кошулуп тартышып, талашып, оюмду айтып чыга калбайм. Тек гана ичимден ойлонуп, таразалап кыйнала берем. Эми 11 жаштагы кыз бала да. Бала кантип башка баланын жоопкерчилигин ала алсын? Москванын катаалдыгына  11  жаштагы бала эмес чоң кишилер араң чыдайт. Чыдабаганы канча?. Ошондой кайнап турган турмушка баланы түртүп жаткан ата-энесин, ошол кызды Москвага чакырткан туугандарын, деги эле балдардын балалыгын уурдап жаткан адамдардын баарын жазалаш керек. Же жазаландыбы, билбейм.  Бирок бул окуя баланы бага албагандан кийин, ага жакшы жашоо, тарбия, билим бере албагандан кийин, аны башкаларга кор кылып  бул дүйнөгө алып келбе деп ата-энелерге эскертүү бергендей эле болду.

Ал эми экинчи окуя тууралуу…Ишенесиңби өзүм ичимден ушул окуяны 2-3күн салмактап жүрдүм. Окуучулук күндөрүмдү эстедим. Мугалимдердин бизди какыс-кукус кылганын, урушкандарын эстедим. Чапкандарын да эстедим. Жылмаюу менен ал тургай  жакшы көрүп эле эстедим. Бирок ал убак башка болчу, биз дагы мугалимдерибиз дагы башка болчу… Азыр бир окуучу мугалимдин каршысына чыгып ошончо ачуу сөздөрдү айтып жатса, ага сабыры жетпеген мугалим окуучуну сабап жатса, аны бирөө видеого тартып алып ырбатып жиберсе, башкаларыбыз эки жаат болуп урушуп жатсак демек баарыбыз күнөөлүүбүз. Бирок аны моюнга албай эле, балдардын тарбиясын, билимин мектепке түртө салып жаткандайбыз. Бала үйдө тарбияланып, мектепте билим алыш керек. Тарбия берүүдө деле, билим берүүдө деле ата-эне мугалимге, мугалим ата-энеге жардам бериш керек деп ойлойм.

 

              — Сүрөттөрүңүздөн ит-мышыкка жакын экениңиз байкалат. Үй жаныбарлары адамдын жалгыздыгын бөлүшө алабы?

 

— Жеке эле жалгыздыгыңды эмес, кайгыңды, кубанычыңды деле бөлүшө алат. Паша (итим) менин үч жылдык досум. Үч жылдан бери жакшы-жаман күнүмдө жанымда жүрөт. “Ит адамдын досу” деген сөз бар го. Чын эле ит адамдын досу. Бирок адам иттин досу болуш үчүн көп нерсе керек экен. Жашаган үйүңдөн орун берип, жеген тамагыңдан бөлүшүп койсоң эле ага жакшы дос болуп кете албайсың. Жоопкерчилиги чоң. Мен да Пашага жакшы дос болуунун аракетин көрүп жүрөм.

Даярдаган: Махабат Алымбек кызы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!