Акындын жүрөгүнөн оргуп чыккан сезимдер, ой-толгоолор ак барак бетине ыр болуп төгүлүп, окуган адамга бирде дем-күч, бакыт берсе, бирде жан кайгысын ойготот эмеспи. Кичинекей китепчедеги ырлар акындын жашоосун кээде окуяларга бөлүп баяндагандай сезилет. Жер шарынын формасы элестелген мейкиндикте ойлуу отурган акындын сөлөкөтү көрүнөт. Үстүндө ай шооласы чачырайт. Кичинекей китепчени ачкан окурмандын өзгөчө ырлар менен кошо тартылган сүрөттөргө да көзү түшпөй койбойт. Бул акын Улан Дөөлөтовдун “Убакыт” аттуу ыр жыйнагы. Жыйнак жылдар мурун чыкса да, китепченин ээсинин ой-толгоолору тууралуу кеп кылсак артык болбос.
-Алгач өзүңүз жана ыр жыйнагыңыз тууралуу кеп кылып өтсөңүз.
-Мен учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде адабий чыгармачылык боюнча окуп жатам. Экинчи жогорку билимимди алуудамын. “Сүйүү менен билимге эч качан кеч болбойт” деп досторума тамашалап айтып калам. Кийин адабият тармагында адабиятчы, мүмкүн билимим, илимим жетсе, сынчы болсом деген максатым бар. 2017-жылы “Убакыт” деп аталган ыр жыйнагым чыкты. Мындай аталганынын себеби, ар бир ырдын аягына жазылган күнүн, айын, жылын, жерин көрсөтө кетем. Ырлар жазылган күнүнө жараша уланып жүрүп олтурат. Ыр жыйнагымдын аркасында 2020-жылы Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты аталдым.
-Чыгармачыл инсандар сезимтал келет эмеспи. Сиздин оюңузча чындап эле алардын кулк-мүнөзү бөлөкчө болобу?
-Чыгармачыл адамдын алгачкы өзгөчөлүгү Алла Тааладан берилген таланттын бар болгондугу. Бул таланттын аркасында башкача көз караш, өзгөчө дүйнө тааным пайда болсо керек деп ойлойм. Мисалы, азыр алтын күздүн убагы. Берекелүү мезгилдин бейгам илеби, кооздугу, ажайып сулуулугу артып турган кез. Мындай учурда акындарда сезимталдык, байкоочулук мүнөз күч алат. Адабияттын тарыхына карай турган болсок, жазылган ыр болобу, проза болобу, бардыгы адамды адамгерчиликке, жакшылыкка үгүттөйт, тарбиялайт. Менин оюмча бул чыгарма жазып жаткан автордун жан дүйнөсүнө байланыштуу. Алсак, акын жан дүйнөсүн таза, ак, аруу бойдон сактап, ар бир жалбырактын жерге түшкөнүн сезгенчелик сезимталдык менен ыр жаратса гана окурман жүрөгүнөн түнөк табууга дарманы жетет. Бирок кээде убактылуу, ошол учурдун талабына ылайык жазылып калган чыгармалар да кездешет. Андыктан жүрөктөн чыккан жүрөккө жетет демекчи, рух дүйнө, акыл, талант биргелешип жазылган чыгарма гана адабият тарыхында түбөлүк өчпөй калат деген ойдомун. Акын, жазуучулардын көбү таарынчак келет. Анын себеби, алардын ар бир сөзгө маани берип, сүйлөмдөгү сөздүн ордун туура, кылдат колдонуп, түшүнүп жазгандыгы үчүн болсо керек. Эгер бир сөздөн жаңылып, туура эмес айтып алсаң таарынып калгандары ошондон деп ойлойм.
-Жыйнагыңызды окуп чыгып, сүйүү темасына көп кайрылганыңызды байкадым. Сүйүү сиз үчүн эмне?
-Сүйүү мен үчүн ушул чыгармачылыкты, ушул ажайып дүйнөнү ачып берген акжолтой, жашоомдогу эң баалуу нерсе. Китеп “Кечир апа” деген ырым менен башталат. Сүйүктүүм башка адамга турмушка чыгып кеткенде Санкт-Петербург шаарында жүрүп жазгам. Жашоомдогу ошол сүйүү менин ыр дүйнөмө кошулуп, чыгармачылыкка келишиме себепкер болгон. Адам мурун байкабай жүргөн нерсени сүйүү байкатат экен.
Чыныгы сүйгөн адамдын чыгармачыл адам сыяктуу эле жүрөгү таза болушу керек. Анткени жан дүйнөсү кирдеген адам сезимталдык менен бир адамга жүрөгүн берип сүйө албайт. Качан аруу, тунук дүйнө каптаганда, адамдын башына сүйүү келет деп ойлойм. Сүйүү мен үчүн бүтпөс тема. Жүрөгүмдүн кагышы токтогончо сүйүү жөнүндө ыр жаза берем.
-Адамдын өзүн-өзү издеп табуусу деген нерсе барбы? Сиз бул жашоодо өз ордумду таптым деп ойлойсузбу?
-Адам алдына максат коюп, бир нерсени көздөп, ошого улутунуп, умтулуп, акыры максатына жеткен күндө дагы кайра жаңы максаттары пайда болот. Тепкич сыяктуу, бир деңгээлге көтөрүлгөндө экинчи тепкичи көрүнүшү керек. Өзүмдү таптым деп токтоп калганда өсүү болбойт. Сократтын “Мен эч нерсе билбегенимди билдим” деп айтканы бар эмеспи. Бир нерсени билдим деп олтуруп алган акылсыздыктын жеткен чеги. Адам өмүр бою өзүн-өзү издеп өтөт деп ойлойм. Анын сыңарындай мен дагы ырларды жазып алып, бул менин шедеврим деп аны кучактап олтуруп албаймын да. Улам такшалып отуруп жаңы ырларды жаратууга умтулам. Максат түндөгү айдын шооласына окшош. Ал сен баскан сайын жолуңду айдыңдатып олтурат. Шоолада да кандайдыр бир аруулук, тазалык бар. Мен сүйгөн кесибимди таптым. Ал эми адам өзүнөн көп адамды тапса болот. Балким бир туруп философ, бир туруп акын, бир туруп дагы башка бири. Инсандын изденгенине жараша жашоосу өнүгүп жүрүп олтурат. Ошондуктан изденгенди токтотпошубуз керек.
Алтынай Нурдинова