"Эркин-Тоо"

Акын-жазуучулардын китептери басылды

Өткөн жумада Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын авторлорунун арасындагы Улуттук сынактын жеңүүчүлөрүнүн китебинин бетачарын өткөрдү. Иш-чаранын максаты – Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик системасынын өнүгүшүнө көмөктөшүү жана авторлордун чыгармачылыгына өбөлгө түзүү, мыкты чыгармачылык иштерди коомчулукка жайылтуу жана колдоо болуп эсептелет.

Салтанаттуу аземди Кыргызпатенттин директору Р. Керимбаева ачып берип, мекеме негизделген күндөн тартып, интеллектуалдык менчик ээлери болгон авторлор, ойлоп табуучулар, маданият жана искусство ишмерлеринин чыгармачылыгына колдоо көрсөтүп келерин билдирди.

Аталган иш-чарага КРнын Министрлер Кабинетининин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Ж. Бакиров, КР Президентинин администрациясынын билим, илим, спорт жана жаштар бөлүмүнүн эксперти У.Исмаилбеков, КРнын чыгармачыл союздарынын өкүлдөрү, белгилүү акын-жазуучулар, чыгармачыл инсандар жана китеп күйөрмандары катышты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!