"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Акыркы беш жылда жол кырсыгында каза болгондордун саны эки эсеге азайды

Акыркы беш жылда Кыргызстанда жол кырсыгынан каза болгондордун саны эки эсеге азайганы белгилүү болду. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдан 2025-жылга чейин 3818 адам жол кырсыгынан каза тапкан, ал эми 2014–2020-жылдар аралыгында мындай кырсыктардан 6159 адам көз жумган.

Президент жол кырсыктарынын азайышынын себебин катуу чаралар менен түшүндүрүп, бирок айдоочулар жол эрежесин сактабагандыктан кырсыктардын дагы көп болуп жатканына көңүл бурду. Ал ошондой эле жаракат алгандардын саны 2014-жылдан бери 121 896 адамга жеткенин, бул статистиканы согуш менен салыштырууга болорун айтты.

Ошондой эле өлкө башчысы айдоочулук күбөлүктү сатып алуу системасы токтотулганын, мурда сатып алган адамдар эреже бузса кайра экзамен тапшырууга милдеттендирилерин белгиледи. “Эрежелерди билбегендер же унутуп калгандар кайра жаттап алышат. Авто кырсыктын көпчүлүгү жол эрежесин сактабаган айдоочулардын айынан келип чыгат”, — деди Садыр Жапаров.