"Эркин-Тоо"

Акыркы коңгуроо учурунда 4 миңден ашуун милиция коопсуздукту камсыздайт

25-май күнү Кыргызстандын бардык мектептеринде окуу жылынын аякташына карата  акыркы коңгуроо салтанаты өтөт.

​Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу балдардын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жалпы 4 миңден ашык кызматкер тартылат.

Салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүдө ички иштер жана кайгуул-күзөт кызматкерлери тарабынан ар бир билим берүү мекемелеринде коомдук тартипти сактоо боюнча чаралар көрүлөт.