"Эркин-Тоо"

Акыркы суткада коронавирус 348 адамдан аныкталып, 2 бейтап каза болду

Кыргызстанда 11-январга карата коронавирус 348 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 244, Ош шаарында – 7, Чүй облусунда – 38, Ош облусунда – 16, Талас облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 5, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 22, Баткен облусунда – 7 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 85 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 475 бейтап, амбулатордук түрдө 1 196 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 186 миң 413 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 432 киши айыгып чыкса, 2 миң 821 адам каза болду.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!