"Эркин-Тоо"

Акысыз анализдерди кайдан  тапшырса болот?

Мамлекеттик лабораторияларда камсыздандырылган жарандар үчүн акысыз тапшырылчу анализдердин тизмеси бар. Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун лабораториялары кандын, зааранын, боордун деталдуу анализин, кандагы микроэлементтерди аныктоону, жугуштуу ооруларга анализдерди жана башка бир катар анализдердин кеңири спектрин (гематологиялык, жалпы клиникалык, биохимиялык) жүргүзөт. Анализдердин сапаты Саламаттыкты сактоо министрлигинин стандарттарына жана талаптарына жооп берет. Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында камсыздандырылган жарандар үчүн анализдердин 50дөн ашык түрү акысыз өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, акысыз текшерүүдөн өтүү үчүн жөнөкөй эрежелерди сактоо керек: үй-бүлөлүк дарыгерге дайындалуу жана дарыгердин жолдомосун алуу зарыл. Көптөгөн камсыздандырылган жарандар өз укуктарын билишпейт жана өз убагында консультациядан, текшерүүдөн, анын ичинде Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүүгө маани беришпейт. Бул мүмкүнчүлүктөрүн колдон чыгарып, өз убагында диагностикалоо жана дарылоодон өтпөй оорулардын татаалдаштырып жиберишет. Андыктан жарандар көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтарды алуу үчүн дарыгерге кайрылууну эстен чыгарбоосу кажет.

Эгерде медициналык кызматкер сизди үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда жүргүзүлө турган анализдерди жүргүзүү үчүн жеке лабораторияларга жөнөтсө, жетекчиликке кайрылыңыз же Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 24 саат бою иштеген 113 ишеним телефонуна чалыңыз.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!