"Эркин-Тоо"

Акжол Махмудов Азиянын мыкты балбаны аталды

Быйылкы, 2022-жылдын жыйынтыгы менен Акжол Махмудов Азиянын мыкты балбаны аталды. Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун Азиядагы өкүлчүлүгү (UWW Asia) социалдык тармактагы расмий баракчасына Акжол Махмудов Азиянын мыкты балбаны аталды деп жазды. Махмудов UWW Asia олимпиадалык стиль боюнча мыкты деп табылган. Ал эми эркин күрөштөн япониялык Таиси Нарикуни, кыз-келиндер категориясынан казак кызы Жамиля Бакбергенова балбандардын алдыңкысы аталган.

Ошондой эле өткөн жумада Бириккен күрөш дүйнөсү кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудовду 2022-жылдын тарыхын жаратуучулардын катарына кошту. Шаршенбеков быйыл дүйнөнүн, Азиянын, ошондой эле Ислам оюндарынын чемпиону болгон. Ал эми Акжол Махмудов — грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык биринчи дүйнө чемпиону аталды.

Кыргызстандык эки балбандын бул наамга кантип татыгандыгы тууралуу UWW федерациясынын YouTube каналына  атайын видео жарыяланды. Тарых жаратуучулардын катарына ошондой эле япониялык Юи Сусаки жана албаниялык Зелимхан Абакаров кирген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!