Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сауд Арабияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында алтын медаль утту. Ал грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта күч сынашты.
Махмудов акыркы беттешке чейин тунистик, египеттик жана катарлык (Иранда туулган) балбандарды утуп, финалда ирандык балбанды жеңди.
Бул алтын Кыргызстан үчүн Ислам оюндарындагы биринчи алтын болду.

