"Эркин-Тоо"

Акжол Махмудов Парижде өтчү Олимпиада оюндарына жолдомо утту

 Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, Олимпиада оюндарына жолдомо утту.

16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине Махмудов 77 кг чейинки салмак ченинде катышып, 1/16 финалдык баскычтан тарта күч сынашууда.

Махмудов аталган мелдеште норвегиялык, египеттик, өзбекстандык балбандарды утуп, жарым финалга чыккан. Ал эми жарым финалдык беттеште япониялык спортчу Нао Кусака менен күч сынашып, аны 7:5 эсебинде жеңди.

22-сентябрда өтчү финалдык беттеште Акжол Махмудов азербайджандык Санан Сулейманов менен кез келет.

Белгилей кетсек, Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль утуп, алгачкылардан болуп 2024-жылы Парижде өтчү Олимпиада оюндарына лицензия утту. Ошондой эле Айсулуу Тыныбекова дагы финалга чыгып, Олимпиадага жолдомо алды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!