Дүйнө чемпиону Акжол Махмудовдун атасы Мухамед Махмудов уулу 17-сентябрда өлкөгө кайтып келгенде «Хабибди тосуп алгандай тосуп алабыз» деп убада бергенин социалдык тармактарга жазып чыкты.
«Акжол уулум баарыбызга жакшы маанай тартуулады окшойт, үй-бүлөбүздөгү кубанычты тең бөлүшкөнүңүздөргө чоң рахмат, Акжол баратканда чемпион болсоң, аэропорттон Хабибди тоскондордой тосуп алабыз деп убада берген элем, жалганчы болуп калбайын. 17-сентябрь эрте менен саат 05:10 Манас аэропортуна учуп келет экен», — деп жазган ал.