"Эркин-Тоо"

Акжолтой туу болсун!

Тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылып, экинчи жана үчүнчү окуудан буга чейинкидей талаш талкуусу жок кабыл алынды. Мыйзамды эл өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү колдоп, 58 депутат макул деген добушун берди. Долбоорго Президент кол койсо желектеги күндүн нуру түздөлүп, түндүктүн чамгарагы төртөө болуп өзгөрөт.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев желек өзгөртүлбөй турганын, ага оңдоо-түзөтүү гана киргизилип жатканын баса белгилеп, туунун өзгөрүшү менен жалпы депутаттарды куттуктады.

«Бардыгыңыздарды мамлекеттик туунун оңдолушу менен куттуктайм. Эч кандай өзгөртүү эмес, бул — оңдоо. Урматтуу депутаттар, «легендарлуу парламент» деп кайталай бергенден натыйжа жок. Ар бир доордун, ар бир мезгилдин өзүнүн легендасы болот. Мен ойлойм, азыркы чакырылыштагы парламент дагы сөзсүз мамлекеттик тууну оңдогон парламент катары легендарлуу болуп калышы толук мүмкүн, андыктан баарыңарды куттуктайм. Ар кандай ача пикирлер, ачуу сөздөр болду. Айрыкча менин дарегиме коомчулук тарабынан көптөгөн сын-пикирлер айтылды, катуусу, орунсузу да болду. Бирок мен анын баарын мыйзам ченемдүү көрүнүш катары кабыл алдым жана жооп кайтарган жокмун, татыктуу жооп мына ушул болду» – деди.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров октябрь айында Кыргызстандын желегин өзгөртүү идеясын колдоп, сунушталып жаткан желектин жаңы вариантындагы күн нурлары эми чындап окшошконун айткан.

“Мамлекетибиздин туусу боюнча депутаттардын демилгеси тууралуу баарыбыз кабардар болбодукпу. Негизи мен бул идеяны колдоймун. Буга чейин эле коомчулукта азыркы туубузду күн карамага окшоштурган, андан улам мамлекетибиз өз алдынча көтөрүлө албай, күн карама абалында болуп келе жатат деген пикирлер арбын айтылып келген. Ал тургай өлкөбүзгө расмий иш сапары менен келип, туубузду көрүп, бул өлкөдө күн карама көп өстүрүлөт турбайбы деген ойдо калган чет элдик меймандар дагы болгон”, — деген эле Өлкө башчысы. Бирок, ал учурда түндүктүн чамгарагы туурасында сөз болгон эмес. Кийин гана чамгарак төртөө болуп өзгөрдү.

16-декабрдагы экинчи Элдик курултайда Президент туу боюнча пикирин билдирип, өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин айтты. Көрсө, ажобуз чет өлкөлүк сапарларга чыкканда айрымдар “Кыргызстан айыл-чарба багытында иштейби, күн карама өстүрүп, май чыгарабы” деп сурашкан. Кеп туу жөнүндө болуп жатканын дароо түшүнүп, келери менен спикер Нурлан Шакиевге айткан.

“Желекти оңдоп-түзөө менин компетенцияма кирбейт, Жогорку Кеңеш карайт. Авторлорун чакырып, кеңешип, балким күндүн нурун кичине түздөп, анан боз үйдүн чамгарагын 4кө көбөйтүп койбойсуңарбы деп мен сурангам” — деди Президент.

Ошондой эле, Өлкө башчысы тууга өзгөртүү кирсе, паспорт, унаа номерлерин дароо алмаштыруунун кажети жоктугун, акча сарпталбай турганын айтты.

«Нурланбек мырза демөөрчүлөр бар дебеди беле, аны мен айткам. 50-60 желекти мен эле айлыгымдын эсебинен алмаштырып, мамлекеттин бир тыйынын кетирбей, демөөрчүлүк кылып коёюнчу дегем«, — деди Президент.

Мамлекет башчысы мына ушундай бир катар ынанымдуу аргументтерди келтирип, залда отургандардан бул сунушту колдоп берүүнү суранганда – делегаттардын көпчүлүгү дүркүрөтө кол чабышкан. Ошол күндөн тарта иш шыр кетти көрүнөт, бир жума өтпөй парламент тууну өзгөрткөн мыйзам долбоорун кабыл алып берди. Эми Президент кол койсо, күнкарамага окшобогон жаңы туу көтөрүлмөкчү.

Коомдук ишмер Кемел АШЫРАЛИЕВ:

— Анча-мынча өзгөрүү болду, аны катуу кабыл алып, чычалабашыбыз керек. Өзгөрбөй турган эч нерсе жок, Конституция деле өзгөрүп жатат. Эң башкысы жаңы автор жок. Башка кишини автор кылып алып чыкса чалкабыздан кетсек жарашмак. Анан эми болор-болбоско чоң кайгы кылып жибербешибиз керек. Бул кошоматчылык үчүн айтылган сөз эмес, парламент кабыл алган соң моюн сунганга аргасызбыз. Жогорку Кеңешти өзүбүз шайлаганбыз. Демек, башка нерселерге жорубай, туубуз акжолтой болушун тилейли. Элибизде тынчылык болсун. Дүйнөдөгү абалды көрүп жатабыз, бөөдө кырсыктан аман бололу. Сейсмологиялык жактан кооптуу аймакта турабыз. Менин чочулаганым, кичинекей жерлерге 15-20 кабат үйлөр курулуп жатат, алар туруштук бере алабы? Кудай өзү сактасын! Мен дагы бир сөздү кыстара кетейин, элибизди бушайман кылган маселелерге “Эл баатыры” болгондор неге үнкатпайт? Бир Ташиевден башкасы оозуна кум куйгандай эле отурат. Алардын өлүү же тирүү экени билинбейт, үн жок.

КР Президенттине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиясынын төрагасы Каныбек ОСМОНАЛИЕВ:

— Тууну өзгөрткөн мыйзам кабыл алынды, эми ага баш ийишибиз керек. Азыр эми көзгө көнгөнгө чейин өөнүрөөк көрүнүшү мүмкүн, бирок бара-бара көнүп кетебиз. Албетте, өз позициясында тургандарды сыйлашыбыз керек. Бизде ушундай коом калыптангандыгы менен сыймыктанышыбыз зарыл. Ага кек сактабашыбыз шарт.

Тарыхчы Баяс ТУРАЛ:

— Өзгөрүү — жакшылыктын жышааны. Эски өзгөрсө жаңы келет. Кыш өзгөрүп жаз келет, жаз өзгөрүп жай келет. Өздөрү өзгөргөн адамдар тууну да өзгөртөлү деп жатышат. Өздөрү өзгөрбөгөн адамдар эч кандай аргументтери жок эле, «тууну өзгөртүүгө каршыбыз» деп жатышат. Мындан эки жарым миң жыл мурун Конфуций аттуу кытай акылманы: «Дүйнөнү символдор башкарат» — деп бекеринен айткан эмес. Бизди 30 жылдан бери ката кабыл алынган символ башкарып келатат. Ошону оңдоп коёлу деген адамдын эмнеси жаман? Ката символ ката ой жүгүртүүгө түртөт, ката ой ката сөздү сүйлөтөт, ката сөз ката иштерди жасатат, ката иштер катачылыкты өнүктүрөт, ката өнүккөн адам өмүр бою адашып, бактысыз болуп жашап өтөт. Эл да, мамлекет да ошондой.

КР Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек АКМАТАЛИЕВ:

— Жаңы кабыл алынган туубуз, элибизге акжолтой туу болуп берсин.

КР Франциядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Садык Шер-Нияз:

— Чынын айтсам, мен деле эски туубузду жактырчумун. Эми үч окуудан өтүптүр, мыйзам жактырылыптыр. Ал чечимди өзүбүз шайлаган депутаттарыбыз чыгарып берди. Чемпиондор жамынган тууну десек, буйруса олимпиадада алтын алып калсак чемпиондорубуз жаңы тууну жамынып чыксын деп тилек кылалы. Ушул туу менен            Кыргызстан жаңы ийгиликтерге жетсин, кыйынчылыгы азайып, сыймыгы көбөйсүн, максаты бийиктеп, мансабы жогоруласын деп бата тилеп олтурам. Кудай буйруп ошондой болуп кетсе анда “туура эле кылыптырбыз” деп калаарбыз. Ылайым ошондой эле болсун. Акыры келип бириге турган жерибиз, кармана турган байрагыбыз ушул туу боло тургандан кийин жакшы ой тилектерибиз менен жаңы жылга кирели.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан ОРУНТАЕВ:

— Мамлекетибиз жаңы кадам таштап, алдыга жыла баштады, жаңы турмуш жана жаңы муун келе баштады. Ошону менен бирге жакшы жагына сүрөп, жаңы ураан менен жаңы тууну кабыл алынды. Жаңы кырк найзанын мизи менен, жаңы түндүгүмдү мен колдойм.

Кылычбек КУДАЙБЕРГЕНОВ

№101 “Эркин-Тоо” гезити

2023-жылдын 22-декабры

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!