"Эркин-Тоо"

Ала-Арча дарыясын тазалоо иштери башталды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Ала-Арча дарыясынын нугун тазалоо иштери менен таанышты. Калаа башчысы кызматкерлерге таштадылардан арылтуу иштерин 2025-жылдын 20-мартына чейин бүтүрүүнү милдеттендирди. Учурда 1400 погон метр тазаланып, ишке 5 экскаватор жана 9 HOWO самосвалы тартылды.
Эске сала кетсек, Аламүдүн дарыясын (11 км) тазалоо иши ушул айда аяктап, 46 822 тонна таштанды чыгарылган.  Дарыя жээктерин бекемдөө үчүн 4287 тонна шагыл төгүлгөн. Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан тиешелүү уруксат документтери жок дарыянын жээгинде жайгашкан 16 объекти демонтаждалган.
Тазалоо иш-чараларын «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы башка шаардык кызматтар КР ӨКМ менен биргеликте жүргүзүүдө.
Пример HTML-страницы