«Бишкексуучарба» муниципалдык ишканасы Ала-Арча дарыясынын жээгин тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, тазалоо иштери Малдыбаев көчөсүн бойлой Скрябин көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин жүргүзүлүүдө. Аталган тилкеде дарыянын жээгинде куурап калган бадалдарды жана бак-дарактарды кыюу, камыштарды жана башка отоо чөптөрдү чабуу иштери аткарылууда.
«Мындай тазалоо иштер 10 жылдан бери биринчи жолу жүргүзүлүп жатат», — деп белгилешти муниципалитеттен.
Тазалоо иштеринен соң Ала-Арча дарыясынын жээги көрктөндүрүлөт. Мэрия шаардыктарды каналдарга жана коллектордук-дренаждык тармактарга таштанды таштабоону, шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранат.
Эске салсак, 25-июнда Бишкекте Дарыя Fest-2023 фестивалы өтөт. Аны өткөрүү үчүн активисттер “Азия Молл” соода борборунун артындагы Ала-Арча дарыясынын кароосуз калган жээгин коомдук жайга айлантышат. Уюштуруучулардын айтымында, ал жерде стрит-арт зонасы пайда болуп, стол оюндары, лекторий, ошондой эле мастер-класстар жана жарманке өтмөкчү.