«Ала-Арча» жаратылыш паркы 6-июндан 10-июнга чейин жабык болот. Бул тууралуу парктын жетекчилиги маалымдады.
Паркты жабуунун себеби санитардык тазалоо иштерине байланыштуу экени айтылды. Мындан улам эс алуучулар паркка киргизилбейт.
«Ала-Арча» капчыгайы Кыргыз Ала-Тоо кыркасында деңиз деңгээлинен 1600—4860 метр бийиктикте жайгашкан.