"Эркин-Тоо"

«Ала-Арча» жаратылыш паркында элди ташыган унаалар пайда болот

«Ала-Арча» жаратылыш паркынын аймагына унаалардын кирүүсүнө чектөө киргизүү пландалууда. Башкача айтканда  конокторду парктын ичинде атайын электр унаалары ташый турган болууда. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Facebook баракчасында билдирди. Билдирүүдө, аталган тапшырма президент тарабынан коюлганы айтылган.

«Коноктордун ыңгайлуу шарттарды камсыздоо максатында, парктын сыртында кошумча унаа токтотуучу жайларды куруу пландалууда. Автоунаалардын ордуна электр унааларынын пайдалануу экологиялык таасирди азайтып, аймактын жаратылышын таза сактоого багытталат»,- деди иш башкаруучу.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!