"Эркин-Тоо"

Ала-Бука районунда 370 жарандын турак жайы мыйзамдаштырылды

Ала-Бука районунда 370 жарандын турак жайы мыйзамдаштырылып, кызыл китептери тапшырылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандарга кызыл китептерди райондун акими Кайырбек Чаргынбаев, акимдин биринчи орун басары Мирбек Тотонов жана райондук «Кадастр» мекемесинин башчысы Нуралы Дуулатов тапшырды.

КР министрлер кабинетинин «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүнө” токтомуна ылайык, турак жайын мыйзамдаштыруу боюнча 2204 жарандан арыз түшкөн.

Учурда Ак-Коргон айыл аймагынан 44,58 гектар жер аянты такталып, комиссиянын кароосунан өткөрүлүп, жер аянты турак жай багытына которулду жана 370 жарандын турак жайы мыйзамдаштырылды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!