Ала-Бука районунда ата-энесинин камкордугусуз калган эки өспүрүмгө турак жай куруу үчүн жер тилкеси берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Маалыматка ылайык, райондук прокуратуранын текшерүүсүнүн жүрүшүндө 16 жаштагы эки баланын турак жайы жок экени жана мыйзам боюнча камсыздалбаганы аныкталган. Прокурордук чаралардын жыйынтыгында аларга жер тилкелери ыйгарылып, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды.
Мындан тышкары, 2025-жылдын алгачкы жарым жылдыгында Жалал-Абад облусунда жалпысынан 10 өспүрүмгө турак жай үчүн жер тилкелери бөлүнгөнү маалым болду.

