Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында таштандыны кайра иштетүүчү кичи завод ишке берилди. Бул тууралуу Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, ачылышка президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышты.
Демилге облустун өнүктүрүү фондунан каржыланып, 18 млн 540 миң сом акча каражат бөлүнгөн. Ага катар жергиликтүү бюджеттен 6,5 млн сом жана 8 гектар жер аянты ажыратылган.
Белгилей кетсек, кичи заводко Ала-Бука жана коңшулаш жакынкы айылдардын, эки тоо кен компаниянын таштандылары чогултулуп, кайра иштетилет. Андан жер семирткич, мазут жана газ өндүрүү пландаштырылып, техникалык база уюштурулган.

