"Эркин-Тоо"

Ала качуу — кылмыш! Эл өкүлү парламент жыйынына плакат менен келди

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев парламенттин жыйынына ала качууну жектеген плакат көтөрүп келди. Анда «Ала качуу — салт эмес», «Ала качуу — кылмыш, зомбулук!», «Кылмышкерлер жазалансын!» деп жазылган.

Депутат Эмил токтошев: «Бул өтө өкүнүчтүү окуя. Биз, эркектер, качан оңолобуз, качан намыска келебиз. Эгер милиция ыкчам кыймылдаса, эки күн эмес, эки саатта тапса болмок. Азыркы заманда буга толук мүмкүнчүлүк бар. Прокуратура баарын кылдат талдап чыгышы керек. Ишке кайдыгер болгон ички иштер кызматкерлери толугу менен жазасын алышы керек», — деди.

Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:18де Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Бул учур ошол жердеги кафенин видео байкоосуна тартылып калган.
Кыздын туугандары ошол эле күнү Биринчи май райондук милицияга кабарлаган. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, ЖМКларга кайрылышкан.

7-апрелде изделип жаткан автоунаа Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы жигиттин бычакталган сөөгү табылган.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!