Ысык-Көлдөгү «Ала-Тоо» эс алуу үйүнүн сатылышына байланыштуу профсоюз лидерлери кармалды. Бул тууралуу КР УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кеңешинин мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Ала-Тоо» эс алуу үйү жайгашкан 2,34 га жер тилкени КПФнын менчигинен мыйзамсыз чыгарып, Көлбаевдин адамдарына сатып жиберишкени аныкталган.
Сатылган жерге «Имидж Строй» ЖЧКсы (Көлбаевдин фирмасы) тарабынан «Каганат» котедж комплекси салынган. Топтошкон адамдардын кылмыштуу аракетинин натыйжасында, жумушчулардын ден соолугун чыңдоо жана эс алуу укугу бузулуп, көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк уюшкан кылмыштуу топтун лидери Көлбаевдин жакын адамдарына гана VIP коттедждерди куруу үчүн пайдаланылган.
Аталган факт боюнча профсоюздар уюмунун бир катар жетекчилери УКМК тарабынан темир тор артына киргизилди. Алар:
- Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Т.А.;
- Машина куруу жана башка тармак-тардын жумушчуларынын профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасынын орун басары Т.Ч.А.;
- Токой чарба кызматкерлеринин республикалык комитетинин төрагасы О.К.Д.;
- “Ала-Тоо” эс алуу үйүнүн мурдагы директору К.Н.А.
Ал эми Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна мыйзамсыз сатылган жер, мүлктү мамлекетке кайтаруу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.