Бишкек шаарындагы Ала-Тоо конушунда канализация куруу 2026-жылы башталат. Бул тууралуу Ленин районунун акими Тариел Айтиев түз эфир учурунда билдирди.
Анын айтымында, учурда тиешелүү долбоорлор толук даярдалып, баа жана талаптар боюнча экспертиза жүргүзүлүүдө.
«Канализациялык насостук станция менен канализация бир убакта курулат. Курулуш иштери 2026-жылы башталат», – деди аким.

