Ысык-Көл облусундагы «Ала-Тоо Резорт» курортуна курула турган асма аркан жолу үчүн Австриядан алгачкы жабдуулар жеткирилди. Бул тууралуу “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.
Асма аркан жолунун жалпы узундугу 4 чакырымды түзүп, эки бөлүктөн турат: биринчи бөлүгү 1 чакырым 730 метр, экинчи бөлүгү 2 чакырым 250 метр. Биринчи бөлүктө 12 таяныч жана 2 станция, экинчи бөлүктө 14 таяныч жана 2 станция курулат.
Курулуш иштери Австриялык компания менен түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлүп, чет өлкөлүк адистер техникалык жолдорду куруп, таянычтардын пайдубалын түптөөгө даярдык көрүүдө. Жабдуулар атайын заводдон баскыч-баскычы менен жеткирилүүдө.