"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

«Ала-Тоо Резортто» 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды

Ысык-Көл облусундагы «Ала-Тоо Резорт» курортуна тиешелүү негизги 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды.

Маалыматка ылайык, 156,6 сотых жерди ээлеген ири объектинин чек арасы 6-сентябрда «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы тарабынан такталып, казыктар кагылган.

Июль айында өткөн аукциондо сунушталган 49 лоттун ичинен 14үнүн жеңүүчүлөрү аныкталган жана алардын бардыгы жергиликтүү инвесторлор болгон.

Учурда курорт жайгаша турган аймакта асма аркан жолдун курулушу улантылып, тирөөчтөрдүн пайдубалы толугу менен бүткөрүлдү. Ошондой эле жол салуу, таза суу менен камсыздоо жана саркынды суу тазалоочу курулмалардын курулушу жүрүп жатат.

«Ала-Тоо Резорт» курортуна Австриядан жабдыктар келди