Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында Президенттин атынан жүргүзүлүүдө делип акчалай төлөмдөр убада кылынган сурамжылоолор чындыкка дал келбей турганын билдирди.
«Социалдык тармактарда жана мессенжерлерде Президент Садыр Жапаровдун атынан жүргүзүлүп жатат делип, акчалай төлөмдөр убада кылынган сурамжылоолор тууралуу жалган маалыматтар жана шилтемелер таратылууда.
Расмий түрдө билдиребиз, Мамлекет башчысы эч качан мындай билдирүүлөрдү жайылтпайт жана шектүү интернет-акциялар аркылуу акча таратпайт. Бул кадимки эле алдамчылык.
Бардык жарандарды өтө сак болууга чакырабыз: белгисиз шилтемелерди ачпаңыздар, алдамчыларга жеке маалыматтарды, банк карталарынын же телефондордун номерлерин бербеңиздер жана мамлекеттин атынан берилет делген жалган төлөмдөргө ишенбеңиздер.
Сураныч, бул алдоо схемасы жөнүндө туугандарыңыздарга жана досторуңуздарга эскертиңиздер. Расмий билдирүүлөргө гана ишениңиздер!
P.S. Бул факт боюнча укук коргоо органдары тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат», – деп жазды Алагөзов.

