"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Алайда 120 млн сомго мектеп курулууда

Курулуш министрлиги билдиргендей, Ош облусунун Алай районуна караштуу Кең-Жылга айылында №27 Жоро Алимов мектеби курулууда.

Башкы план боюнча мектеп 275 орунга ылайыкталган. Ал эки кабатуу окуу корпусунан турат. Мектепте лаборатория, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы, китепкана жана башкалар орун алган.

Республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган (баасы 120 миллион сом) объекттин жалпы аянты 1659 чарчы метрди түзөт.