"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

Алайда өткөн айтыштын финалына сегиз акын жолдомо алды

Маданият министрлиги кабарлагандай, 11-сентябрында Ош облусунун Алай райондук маданият үйүндө Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган эл аралык акындар айтышынын жарым финалы болуп өттү.
Иш-чара Алымбек датканын тарыхый мурасын даңазалоо жана салттуу акындык өнөрдү колдоо максатында уюштурулууда.
Айтышка Кыргызстан менен катар коңшу өлкөлөрдөн да акындар катышууда. Финалга төмөнкү сегиз акын жолдомо алды:
• Изат Айдаркулова
• Чыңгызхан Кожошев
• Асылбек Маратов
• Акматбек Султан уулу
• Жылдызбек Төрөканов
• Алтынбек Ибрагимов
• Тынарбек Бураев
• Кутман Садыбакасов
Финалдык айтыш 12-сентябрда өтөт. Байге фонду 6 миллион сомду түзөт.